Казакстандын депутаттары жасалма интеллектке каршы. Себеби

Казакстан парламентинин мажилисинин депутаттары ChatGPT тиркемеси коомчулукка кооптуулук жарата тургандыгын билдирди. Алардын айтымында, мектеп окуучулары окуусун жасалма интеллектке көбүрөөк байлап коюп жатышат. Бул тууралуу tengrinewskz басылмасы жазды.

Алардын айтымында жасалма интелект балдардын келечегине кооптуу.

“Окууга мындай мамиле кылуу критикалык ой жүгүртүүнү азайтат жана алынган билимге терс таасирин тийгизет. Балдардын өз алдынча маанилүү чечимдерди кабыл алуусу кыйындайт”, - деп билдирген парламент өкүлдөрү.

Мажилис депутаты Махаррам Махаррамов нейрондук тармактар ​​сүрөттөрдү каалаган видеого айланта ала тургандыгын айтып, өз тынчсыздануусун билдирди. Ал абийирсиз адамдар бул тармакты курал катары колдонуп алышы мүмкүн экендигин кошумчалаган.

Казакстан парламентинин мажилисинин депутаттары ChatGPT тиркемеси коомчулукка кооптуулук жарата тургандыгын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан