Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы имараттын жалпы аянты 5000 чарчы метрди түзүп, керектүү материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыздалып, кызматкерлерге бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Мамлекет башчысы жаңы имараттын инфраструктурасы менен таанышып, заманбап спорт залына, ачык асман алдындагы воркаут аянтчасына, ошондой эле ашканага барды. Аягында Жапаров бул окуянын туруктуулуктун жана өнүгүүнүн символу катары маанисин баса белгилеп, башкармалыктын аймагына символикалуу түрдө карагай отургузду.