
Бүгүн, 19-декабрда "Ынтымак ордодо" грек-рим күрөшү (U-23), эркин күрөш жана бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпиондукта жетишкен ийгиликтери үчүн спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи болуп өттү.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, сыйлыктарды президенттин атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.
Иш-чарада спортчуларга жана алардын насаатчыларына жетишкендиктери үчүн бир жолку акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
"Бул жетишкендиктер өсүп келе жаткан муун үчүн маанилүү үлгү болуп, жаңы спорттук жеңиштерге жол ачат. Өлкө жетекчилиги спорттун өнүгүшүнө ар дайым колдоо көрсөтүп, спортчуларыбыздын эл аралык аренадагы ийгилигине көмөктөшөт", - деди Байсалов.
Сыйлык алгандар Албаниянын Тирана шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча жаштар арасында (U-23) дүйнөлүк чемпиондукта жана Черногориянын Будва калаасында болгон бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда байгелүү орундарды алышкан.