Бүгүн, 19-декабрда Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда коңшу Кытайдан жүк жүктөп келе жаткан жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти.
Мындан улам ашууда унаалардын тыгыны жаралды. Учурда күйүп кеткен унаа өчүрүлүүдө. Жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барышууда.
Жүк ташуучу унаа эмне себептен өрттөнгөнү азырынча белгисиз.