Бишкекте акча алмаштыруучу жайдын кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте калаа тургунун 42 миң долларга алдап кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрда Октябрь РИИБине калаа туругуну арыз менен кайрылып, Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу пунктунун кызматкерлерине чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу алар ошол эле күнү USDT крипто валютасын сатып алам деп, 42 миң долларга алдап кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда. Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандардан төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(504) 00-66-11 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан