"Даярдангыла, биз даярбыз". Владимир Путин "Орешник" ракетасы боюнча Европа менен АКШга кайрылды

Орусиянын жаңы чыгарылган "Орешник" аттуу баллистикалык ракетасын дүйнөдө атып түшүрө ала турган курал жок. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин маалымат жыйынында айтты.

Путин билдирүүсүндө Америка менен Батыш өлкөлөрүнүн эксперттерине бир бутаны даярдап, ал жерге болгон ракетадан коргонуу техникаларын жайгаштырып, анан "Орешникти" токтотуп көрүүнү сунуштады.

"Бул ракетаны атып түшүрүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Эгер америкалык же батыштык эксперттер мүмкүн деп ойлосо, Орусияга 21-кылымдын жогорку технологиялык дуэлин өткөрүүнү сунуштасын. Алар "Орешникти" токтотуу үчүн кандайдыр бир бутаны коюп, бизге айтышсын. Мисалы Киевге. Алар бардык абадан коргонуу ракеталарын ошол жерге топтошсун биз ал жерге "Орешник" менен сокку урабыз. Анан эмне болорун көрөбүз”, - деди Путин "Орешниктин" батыштык эксперттер ырастаган алсыз жактары барбы деген суроого жооп берип жатып.

"Орешник" ракетасы Европадагы каалаган бутага тийе алат. Ракетаны токтотуу же атып түшүрүү мүмкүн эмес. Себеби ракета секундасына 3 километрге чейин уча алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан