Ак-Суу районунда мечиттердин садака кутучаларынан акча уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жолголот жана Теплоключенка айылдарындагы төрт мечиттин садака кутучаларын белгисиз адамдар талкалап, ичиндеги акчасын уурдап кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында, кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган В.А. аттуу Каракол шаарынын тургуну кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Шектүү алдын ала суракта күнөөсүн толугу менен моюнуна алганы жана тергөө амалдары улантылып жатканы кошумчаланды.