Абхазия парламетинде мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутаттардын ортосунда пикир келишпестик болуп, ок атылды. Бул тууралуу Абхазиянын жергиликтүү телеграм каналдары жазышты.
Окуя бүгүн, 19-декабрь күнү түштөн кийин болгон. Анда парламентте кен казууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору талкууланган. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Адгур Харазия менен Кан Кварчия уруша кетип, натыйжада Адгур Харазия курал алып чыгып, ок чыгарган.
Натыйжада депутаттар Кан Кварчия менен Вахтанг Голандзия жарадар болушкан. Кийинчерээк Вахтанг Голандзия каза болгон.
Абхазиянын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Роберт Киут ок чыгарган депутат Адгур Харазия окуя болгон жерден качып кеткенин билдирди.
Учурда укук коргоо органдары жеринде иштеп жатат.