Түркиянын Дарданел кысыгы тумандын күчөшүнөн улам транзиттик кемелердин өтүүсүнө жабылды. Бул тууралуу Anadolu басылмасы билдирди.
Маалыматта жеткирүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:05тен баштап токтотулганы жазылган. Дарданел кеме кыймылы башкармалыгы туман кеткенден кийин кеме кыймылы кайра башталарын билдирди.
Politika Haber гезити калың тумандан улам Босфор кысыгында эки багыттагы кеме кыймылы да токтотулганын жазган. Туман жер үстүндөгү транспорттордун жүрүүсүн да кыйындаткан.