Элдик курултайга чет өлкөлөрдөн келген делегаттар Жогорку Кеңешке барышты

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев бүгүн, 19-декабрда III Элдик Курултайдын 30 делегаты менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, делегаттар Орусия, АКШ, Канада, Түркия, Германия, Корея, Казакстан, Чехия, Италия жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү болуп саналат.

Жолугушуу учурунда чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерибиздин мыйзамдуу укуктарын камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаранын катышуучулары өз диаспораларын тааныштырып, чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар туш болгон актуалдуу көйгөйлөрдү белгилеп өтүштү.

Алиев делегаттардын сунуштары жана көтөрүлгөн көйгөйлөрү Жогорку Кеңештин көңүл чордонунда боло тургандыгын белгилеп, диаспоралар менен байланышты чыңдоо, жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер улантыларын айтып, делегаттардын сунуштары Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан