11-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси жана өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосунда «Мекеним менин - Кыргызстан!» аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында көк бөрү оюну боюнча мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара кылмыштуулуктун алдын алуу, спорт аркылуу жаштарды жана жалпы эле элди ынтымакка, биримдикке чакыруу, майыптарга, жетим балдарга кайрымдуулук иретинде өткөрүлөт.
Кошумчалай кетсек, мелдеш 11-январда саат 10:00дө «Телтору» ат майданында орун алмакчы.