Владимир Путиндин түз эфири учурунда Украина Орусияга чабуул жасады

Орусиянын президенти Владимир Путиндин журналисттер менен жолугушуусу түз эфирде көрсөтүлүп жаткан учурда Украина Белгород облусуна чабуул жасады. Бул тууралуу аталган аймактын губернатору Вячеслав Гладков өзүнүн тelegram каналында билдирди.

Губернатордун айтымында, Белгороддун Украинанын учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрүлгөн. Анын сыныктары социалдык объектинин унаа токтотуучу жайына түшүп, жети унаа жабыркады. Мындан тышкары, имараттардын биринин айнеги жана эшиги жабыркаган.

Ошондой эле Белгороддогу Двуучное айылындагы жеке менчик үйдүн жанында учкучсуз учак жардырылган. Үйдүн терезелери талкаланып, тосмосу кесилип, жанында токтоп турган унаанын айнеги сынган.

Бул учурда, президент Владимир Путиндин 2024-жылды жыйынтыктоочу пресс-конференциясы түз эфирде көрсөтүлүп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан