Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин бул кызматта Муса Жаманбаев иштеп келген. Ал ушул жылдын 25-октябрында кызматтан алынган.