Бишкекте көмүр соодасын тартипке келтирүү жана уруксатсыз соода кылып жүргөн жарандар үчүн көмүр сатуу үчүн атайын орун уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Жаңы соода жайы түндүк айланма жолдо, Ак-Жар конушунун Борбордук көчөсү, 1к дарегинде жайгашкан. Бул жерде көмүр сатуучулар өз иштерин эрежелерге ылайык жүргүзө алышат.
Бул уюштуруу сатуу жана сатып алуу үчүн шарттарды түзүп, уруксатсыз жерлерде көмүр сатканды жоюуга багытталган.
"Муниципалдык инспекция түндүк айланма жолдогу көмүр сатуу жайларын иретке келтирүүнү улантууда. Көмүр сатуучуларга муниципалдык аймакты уруксатсыз соодадан бошотуу боюнча билдирүүлөр берилген.
Алардын көбү өз аймактарын иретке келтиришти, калгандары менен иш жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти мэриядан.