Рамзан Кадыров Чеченстандын баатырларынын атын балдарына койгондорго 500 миң рубль берерин айтты

Жаңы төрөлгөн балдарына Чеченстандын баатырларынын урматына ат койгон чеченстандык ата-энелерге 500 миң рублдан бериле баштайт. Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн тelegram-каналына жазды.

Кадыровдун айтымында, ал акциянын күнүн белгилөөнү тапшырган. Чеченстандын башчысы иш-чара жылдын аягына чейин болорун белгиледи.

"Жыл аягына чейин акциянын датасын аныктоо тапшырылды. Бул күнү төрөлгөн ымыркайлардын ата-энелери ымыркайларына чечен баатырларынын урматына ат койгон ата-энелерге 500 миң рублдан берилет", - деп жазды Кадыров.

Мындан тышкары Кадыров чечендерди маанилүү тарыхый буюмдарды чогултууга көмөктөшүүгө жана колунда бар буюмдарды облустук музейлерге тапшырууга чакырды. Анын айтымында, бул республиканын тарыхын келечек муунга сактоого жакшы мүмкүнчүлүктү берет.

Чеченстанда мындай аталыштагы акция 2020-жылдын күзүндө дагы өткөн. Анда 28-октябрдан 29-октябрга караган түнү төрөлгөн балдарына Мухаммед пайгамбардын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн урматына ысым ыйгарган ата-энелерге 100 миң рублдан берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан