Орусия Украинанын учурдагы президенти Владимир Зеленский башпаанек сураса, аны берүүгө даяр. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин бүгүн, 19-декабрда өткөн маалымат жыйынында айтты.
"Мен Зеленскийге саясий башпаанек керек деп ойлобойм, ал эмне кыларын билбейм. Бирок күтүлбөгөн жерден анын кол алдындагылары өзүн камап коюшу толук мүмкүн. Анан ал саясий башпаанек сурайт, Орусия эч кимден баш тартпайт”, - деди Путин.
Путин ошондой эле Украинанын азыркы жетекчилеринин бардыгы легитимсиз экенин кошумчалады.