Бишкекте көмүр сатуу үчүн атайын жай уюштурулду

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен көмүр соодасын тартипке келтирүү жана уруксатсыз соода кылып жүргөн жарандар үчүн көмүр сатуу үчүн атайын орун уюштурулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалымдалгандай, жаңы соода жайы түндүк айланма жолдо, Ак-Жар конушунун Борбордук көчөсү, 1к дарегинде жайгашкан. Бул жерде көмүр сатуучулар өз иштерин эрежелерге ылайык жүргүзө алышат.

"Муниципалдык инспекция түндүк айланма жолдогу көмүр сатуу жайларын иретке келтирүүнү улантууда. Көмүр сатуучуларга муниципалдык аймакты уруксатсыз соодадан бошотуу боюнча билдирүүлөр берилген", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, алардын көбү өз аймактарын иретке келтиришти, калгандары менен иш жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан