Өлкөдө жолдорду кардан тазалоо жумуштары кызуу жүрүүдө 

Бүгүн, 20-декабрь саат 08:00гө карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

"Бишкек–Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек–Кара-Балта жолунда, Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунда, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда да жол ачык.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан