“Манас" эл аралык аэропорту ишканасы аталышын өзгөрттү

Кечээ, 19-декабрда “Манас" эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому аталышын өзгөрттү. Эми ал “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому болуп аталат. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөнүн бардык аэропортторун бирдиктүү бренд астында бириктирүү, өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча мекеменин стратегиялык багыттарын чыгалдырат.
"Кыргызстан аэропорттору” аталышы биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү баса белгилеп, өлкөнүн Борбордук Азиядагы негизги транспорттук түйүн катары позициясын бекемдейт. Бирдиктүү сапат стандарты. Биз аэропорттордун интеграцияланган тармагын түзүп жатабыз. Анда ар бир объект коопсуздуктун, тейлөөнүн жана инфраструктуранын бирдей жогорку стандарттарында иштейт.
Аймактарды өнүктүрүү. Азыр авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасоо борбор шаарды эле эмес, Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарын – Нарындан Баткенге чейин камтыйт", - деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, ал эми Бишкектеги өлкөнүн башкы аба майданы "Манас" аэропорту аталышы бойдон калды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан