Путин Орусиянын Ички иштер министрлигинин алдында мигранттар менен иштөө боюнча өзүнчө борбор түзүүнү сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин мигранттар менен иштөө боюнча өзүнчө агенттик азырынча талап кылынбайт деп эсептейт. Анын ордуна Ички иштер министрлигинин курамында бул жааттагы иштер менен алектене турган өзүнчө “күчтүү борбор” түзүлүшү керек. Бул тууралуу ал кечээ, 19-декабрда журналисттерге берген пресс-конференциясында айткан.

"Өзүнчө бөлүм түзүш керекпи, бир кезде бизде бар болчу, же аны Ички иштер министрлигинин курамында калтырабызбы деген маселелер көп талкууланып жатат. Бүгүнкү күндө бул компонентти, бул ишти Ички иштер министрлигинин алкагында күчөтүү керек деп эсептейм", - деди Путин.

2016-жылдын 5-апрелинде Путиндин жарлыгы менен Федералдык миграциялык кызмат жоюлган. Анын функциялары жана ыйгарым укуктары Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин мигранттар үчүн бирдиктүү экзамен төлөмүн киргизүүнү жактырган. Баасы 3 миңден 5,9 миң рублга чейин болот. Өкмөт мамлекеттик органдарды сынак тапшыра ала турган уюмдардын тизмесине киргизүүнүн тартибин жана критерийлерин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан