Баткенде мурда сот жообуна тартылган жаран телефон уурдаганга шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарындагы телефон саткан дүкөндөрдүн биринин ээси "Samsung Galaxy A25" үлгүсүндөгү телефонун болжол менен 20-25 жаштагы белгисиз жаран байкатпай уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, мурда соттолгон 22 жаштагы К.Д. аттуу жаран Ош шаарынан кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Уурдалган телефон өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.