Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-ноябрда милицияга 24 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал А. аттуу жаран Кара-Балта шаарында 4-апрель күнү "криптовалюта аркылуу акчаңды көбөйтүп берем" деген шылтоосу менен 82 миң рублун алып, убадасын аткарбай кеткенин айткан. Мындан тышкары шектүүнүн үстүнөн Кара-Балта шаарынын дагы 4 тургуну ушундай эле арыздар менен кайрылышкан.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү делген 28 жаштагы жаран кармалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.