Чоң-Алайда Маданият үйүнөн чыккан өрт эки күндөн бери өчүрүлүп жатат 

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылындагы Маданият үйүнөн чыккан өрт өчүрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-декабрь күнү аталган мекемеде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 16:54тө 2 бөлүм тартылып, өрт саат 17:33тө чектөөгө алынган.

"Шамалдын катуу соккондугуна байланыштуу өрт тутанып жатат. Мындан улам өрттү толук өчүрүү иштери бүгүн да уланууда", - деп билдирди ӨКМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан