Токмокто кумар оюндарына акчасын уттуруп ийген жигит өзүнө кол салды

Токмок шаарында онлайн казиного акчасын уттуруп ийген 18 жаштагы жаран өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалымдагандай, милицияга 18 жаштагы жигит арыз менен кайрылып, 14-декабрда саат 23:00 чамасында көчөлөрдүн биринен белгисиз 3 адам аны сабап, бычактап, 287 миң сомун алып качып кетишкенин айткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бирок төргөөдө жабырлануучунун көрсөтмөсү жалган экени аныкталган. Милиция билдиргендей, жигитке карата эч кандай кылмыш жасалган эмес. Чынында ал онлайн казино ойноп, 287 миң сомун утуруп ийген. Муну атасына айтуудан корккондуктан өзүнө бычак менен кол салып жиберген. Милицияга ал бычакты кайда ыргытканын көрсөтүп, баарын айтып берген.

Облустук милиция 18 жаштагы жаран кылмыш тууралуу атайылап жалган маалымат бергендиги үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан