Орусиянын Уламалар кеңеши күйөөсү бардык аялдарга адилеттүү жана бирдей мамиле кылган шартта орус мусулмандарына төрткө чейин диний нике кыюуга уруксат берген. Бул тууралуу РИА Новостиге Москванын муфтийи Ильдар Аляутдинов билдирди.
Басылма белгилегендей, эгер аял ден соолугуна, аялынын жыныстык жактан шайкеш келбегендигинен улам балалуу боло албай калса, диний көп аялдуулукка жол берилет.
Диний лидер кошумчалагандай, үй-бүлөлүү эркек башка аял менен жаңы никеге туруу ниетин ага чейинки аялына да билдирүүсү керек.
Аялы бар экенин жашырууга болбойт. Эгер ал (экинчи аялы) бул тууралуу кабардар болбосо жана ага чыдай албаса, анда ал никесин (исламдын нормалары боюнча үйлөнүү үлпөтүн) токтотууну талап кылууга укуктуу.