
Бүгүн, 20-декабрь саат 10:30дан тарта "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик айдоочуларды жол эрежесин так сактоого, керектүү шаймандарды алып жүрүүгө чакырат.