Бул жылы КМШ өлкөлөрүндө башкы балаты кандай жасалды? Сүрөттөр

Жаңы жылдын кирип келишине саналуу күндөр гана калды. Бул майрамдын эң башкы символдорунун бири бул - балаты. Жыл өткөн сайын дүйнө жүзүндөгү ар кайсы өлкөлөрдө кооз, түркүн түстүү балатылар жасалып жатат. Ал эми SUPER.KG порталы КМШ өлкөлөрүндөгү быйылкы жылы башкы балатылар кандай кооздолгонуна кызыгып, тизмектеп көрдү.

Кыргызстанда бул жылы "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балатынын чырактары 14-декабрда жандырылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ага 10 миңден ашуун көрүүчү топтолду.

Башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метрди түзөт. Ал эми жасалгалоого 1,5 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнгөнү айтылган. Бул жылы борбордук аянтта шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аймактар кеңейтилген.

Казакстандын борбор калаасы Астана шаарында быйыл жалпы 30 балаты орнотулган. Ал эми өлкөнүн башкы балатысы "Астана Арена" аянтында жайгашып, анын бийиктиги 25 метрди түздү. Аталган балатыны кооздоо үчүн жалпы сары, кызы түстөгү 2 миң 500 оюнчук керектелгени айтылды.

Ал эми өлкөнүн башкы балатасын жандырууда калаанын тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа уюштурулуп, ага 30 миңден ашык көрүүчү катышкан.

Учурда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында дагы майрамдык маанай башталып, көчөлөр жаңы жылга карата жасалгаланды. Ал эми өлкөнүн башкы балатысы борбор калаадагы Алишер Навои атындагы улуттук китепкананын алдындагы аянтта жайгаштырылды. Ал 25-декабрдан 10-январга чейин күн сайын саат 11:00дөн 23:00гө чейин ачык болот. Аталган балатынын узундугу 33 метрди түзүп, аны кооздоо үчүн 33 миң оюнчук, 14 миң метр жылтырактар колдонулган. Ошондой эле аянтка анча чоң эмес дагы 4 балаты жана ар кандай көңүл ачуучу кооздуктар даярдалган.

Түркменистан өлкөсүнүн жаңы жылдык башкы балатысы 15-декабрда "Алем" маданий оюн-зоок борборунун алдындагы аянтта жарыктандырылды. Башкы балатынын узундугу 44 метрди, туурасы 16 метрди түзөт. Аталган балаты кристалл таштары менен кооздолгонду менен өзгөчөлөнүп турат.

Белгилей кетсек, былтыр Түркменстандын борбор калаасы Ашхабад шаарында жайгашкан башкы балаты КМШдагы эң бийик балаты деп табылган.

Арменияда жаңы жылдык балаты 8-декабрда борбор шаары Еравандын ортосундагы Республика аянтында жарыктандырылды. Балатынын бийиктиги 37 метрди түзөт. Ал КМШ өлкөлөрдүгү эң узун балатылардын карында.

Беларустун борбору Минск шаарында узундугу 30 метрди түзгөн балаты орнотулду. Аталган балаты 10-декабрда майрамдык иш-чаранын коштоосунда жарыктандырылган. Муну менен катар борбор калаада 27 балаты жасалгаланып, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулап жатат.

Орусиянын борбору Москава шаарындагы жаңы жылдык башкы балатынын узундугу 23 метрди түздү. Ал Европадагы табигый бактардын ичинен узундугу боюнча экинчиси орунду ээлейт. Аны кооздоо үчүн 5 миң оюнчук, 10 миң мерт жылтырак жарыктары илинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан