“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдорунда карды тазалоо жана туз салуу иштерин ыкчам баштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, линияда МАЗ базасындагы 29 атайын техника, 4 HOWO, 24 Беларусь трактору, 4 Бопкат трактору, 2 алдыңкы жүктөгүч жана 4 универсалдуу техника бар.
Белгилей кетсек, кардан тазалоого ишкананын 700гө жакын кызматкери тартылган. Тазалоочулар тротуарларды, жол четиндеги бордюрларды тазалашууда.