Бишкекте баңги каражаттары менен күрөшүүгө арналган иш-чара өттү

Бишкек шаарында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитетинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ИИМ бүгүн, 20-декабрда маалымдады.

19-декабрда өткөн иш-чарага ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев, министрликтердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

"Иш-чарада республиканын аймагы аркылуу ооган тектүү баңгизаттардын транзитине, синтетикалык баңгизаттардын таралышынын жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди кыянаттык менен пайдалануунун өсүшүнө, баңгизаттарды жарнамалоодо жана сатууда интернет-ресурстарды жана социалдык мессенжерлерди активдүү колдонууга байланыштуу баңги кырдаалынын актуалдуу маселелери талкууланды", - деп билдиришти мекемеден.

Аталган жыйын ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан