Садыр Жапаров зомбулуктарга кош көңүлдүк кылган кызматкерлер иштен алынарын айтты 

Ар бир аялзат, ар бир бала өзүн коопсуз сезиши үчүн болгон күч-аракетти жумшайбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда айтты.

Ал аялдар менен балдарга болгон зордук-зомбулук маселесине токтолуп, мындай учурларга шалаакылык кылган күч кызматкерлери иштен ажырай турганын билдирди.

"Мен аялдар менен балдарга болгон зордук-зомблукту терс кабыл алуу менен карайм. Буга жол бербешибиз керек. Мындай көрүнүштөр коомубуздун уюткусун түзгөн үй-бүлөнү бузат жана жарандардын адилеттүүлүккө болгон ишеничтерин чектейт. Укук коргоо органдардын бирден-бир ыйык милдети – алсыздарды коргоо экенин эскертип келем", - деди ал.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 10 айда 14 миң 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганы айтылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2 пайызга же 3877 учурга көп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан