Түрк президенти Эрдоган мусулман өлкөлөрүнө Израил боюнча кайрылуу жасады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрүн Израилдин аймактагы агрессивдүү аракеттеринен улам эл аралык изоляция процессине жетекчилик кылууга чакырды. Бул тууралуу ал Каирде өткөн "Исламдык сегиздик" (D-8) саммитинде билдирди.

"Биз Израилдин Сириянын жана бүткүл биздин аймактын ырааттуулугуна коркунуч келтирген мыйзамсыз аракеттерине чечкиндүү түрдө жооп беришибиз керек деп эсептейм. Ислам өлкөлөрү катары Израилге каршы ташталышы керек болгон кадамдарга жетекчилик кылышыбыз керек. Биринчи кезекте Израилге жеткирүүнү жана аны менен сооданы токтотуу абдан маанилүү", - деген Эрдоган.

Ошондой эле ал ислам өлкөлөрүнүн өткөн жылдын октябрь айынан бери Газадагы геноцидди токтотуу жана Палестина маселесине туруктуу чечим табуу үчүн активдүү аракет кылып жатканын белгиледи.

"Бирок Кошмо Штаттардын ачык колдоосу жана көптөгөн Батыш өлкөлөрүнүн тымызын колдоосу менен Израил чабуулдарын кеңейтүүдө", - деп баса белгиледи ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан