Кереметтүү кышкы кеч: MEGA сиздерди "Ала-Тоо" аянтында өтө турган  концертке чакырат

Ушул ишемби күнү, 21-декабрда борбор калаабыздын "Ала-Тоо" аянтында MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору тарабынан уюштурулган майрамдык концерт өтөт. Келе жаткан Жаңы жылдын урматына өткөрүлө турган иш-чара бишкектиктер жана шаарыбыздын меймандары үчүн эсте каларлык окуя боло тургандыгы шексиз.

Ата мекендик белгилүү сахна жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулап, сүйүктүү хиттерин аткарып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууламакчы. Майрамдын катышуучулары үчүн музыкалык программа эле эмес, кызыктуу конкурстар жана сонун белектер да даярдалган.

Концерттин уюштуруучулары келген меймандарды керемет дүйнөдө саякаттоого чакырып, алар үчүн ажайып атмосфера түзүп берүүнү убада кылууда.

MEGA сиздерди Жаңы жыл босогосундагы майрамдык иш-чарага күбө болуп, кубанычтуу көз ирмемдерге чөмүлүп, көңүл ачып кетүүгө чакырат!

Майрамдык концерт саат 20:00дө башталат, кирүү акысыз.

Ажайып "Ала-Тоо" аянтын шаңга бөлөй турган кышкы кечти MEGA менен бирге өткөрүңүз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан