"Жакырчылыкты кыскартабыз". Адылбек Касымалиев Курултайда бир топ убадаларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда өкмөтүн алдыдагы максаттарына токтолуп, ички дүң өнүмдүн (ИДП) өсүү темпи орточо 9 пайызда кармаларын убадалады.

"ИДПнын өсүү темпин орточо 9 пайызда кармайбыз. Номиналдык жактан 2030-жылга чейин ИДПны 30 миллиард долларга же сом менен айтканда 3 триллион деңгээлинен ашырабыз. ИДПнын жан башына бүгүн 2,5 миң доллар же 200 миң сомду түзсө, аны 4 миң долларга чейин жеткиребиз. Консолидацияланган бюджеттин көлөмүн азыркы 704 миллиард сомдон 2030-жылы 1 тирилиондон ашырабыз. Экономиканын структурасы түп-тамырынан өзгөрөт: сервистик экономикадан индустриалдык-агрардык экономикага басым жасайбыз. Чакан жана орто бизнестин үлүшүн 50 пайызга жеткиребиз. Жакырчылыктын деңгээлин 17 пайызга чейин кыскартабыз. Кичинекей балдарыбызды бала бакчалар менен 80 пайызгага чейин камсыздайбыз", - деди ал.

Өкмөт башчы өз сөзүн Элдик курултайдын үнү жана күчү чоң экенин белгилеп, курултайдын ишине ийгиликтерди каалап жыйынтыктады.

Эске салсак, Касымалиев 12-декбрда министрлер кабинетинин төрагалыгынан кеткен Акылбек Жапаровдун ордуна 18-декбрда дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан