"Лампочка эмес, прожектор". Курултайда делегат Садыр Жапаровду мактоого алды (видео) 

Курултайдын делегаты Шаарман Бейшеналиева президент Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүүсүнүн прогрессивдүү жолун жарыктандырып жатканын айтты.

Анда ал өзүнүн районунда асфальт завод иштеп турганда дагы көчөлөрү асфальттанбай, эми гана жолдорго асфалт төшөлгөнүн белгиледи.

"Алтыныбыз агылып, күмүшүбүз күбүлүп, асфальт завод иштеп жатканда бир дагы көчөбүз асфальттанган эмес. Азыр бир-эки жолду эске албаганда, дээрлик бардык жолдорго асфальт төшөлүп, жарыктандырылды. Муну менен эмнени айткым келет. Өткөндө бир байбиче Садыр Нургожоевичти лампочкабыз деп жатты эле. Мен сизди өнүгүүгө карай кеткен жолубузга жарык берген биздин прожектирибиз деп айткым келет", - деди ал.

Делегат Садыр Жапаровду мактоого алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан