Футбол: Кыргызстандын ички чемпионатына дагы 4 команда кошулду. Кайсы командалар?

Футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын кийинки сезонунда жалпы 14 команда ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте жыйын өтүп, анда 4 команданы Жогорку Лигага кабыл алуу чечими кабыл алынган. Мындан улам Кыргыз Премьер-Лигасына "Азиагол", "Бишкек Сити" (экөө тең Бишкек), "Барс" (Каракол) жана "Өзгөн" (Өзгөн) командалары кабыл алынган.

Муну менен кийинки сезондо Кыргызстандын ички чемпионатында жалпы 14 команда өлкө чемпиондугу үчүн ат салышмай болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 2024-жылдагы футбол боюнча чемпиону Канттын "Абдыш-Ата" клубу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан