Мушкер Емельяненко бир тууганынын абакка кесилиши боюнча үн катты

Орусиялык мушкер Александр Емельяненко эң улуу агасы Ивандын түрмөгө кесилиши боюнча боюнча билдирүү жасады.

"Спорт экспресс" басылмасына берген маегинде ал агасынын камалышынан эч кандай жаман нерсе көрбөй турганын билдирген.

"Анын камалышынын бизге эч кандай таасири болгон жок. Бул аны эч кандай жакшылыкка алып барбайт деп көптөн бери айткам. Муну ага туугандарымдын баары айтышкан. Эми ал бир жарым жылга кесилди. Абакта мен дагы отургам. Ал убакта эч ким менен байланышкан эмесмин, телефон дагы колдондурушчу эмес", - деген Емельяненко.

18-декабрда сот Иван Емельяненкону Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү” беренеси боюнча 18 айга эркинен ажыраткан. Ноябрда ал бир нече адам менен жаңжалдашып, бир адамды аёсуз сабап салган.

Иван Емельяненко дагы ММА мушкери. Ал 2023-жылы дебют жасап, үч беттешке чыгып, үчөөндө тең жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан