Башар Асаддын аялы Москвада рак оорусунан дарыланып жатканы белгилүү болду

Сириянын бийликтен кулатылган президенти Башар Асаддын жубайы Асма Асад Москвада рак оорусунан улам дарыланып жатат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, Асма Асад күйөөсү президент болуп турганда эле дарылануусун баштаган. Башар Асад Москвага качып келгенден кийин жубайы менен ооруканада жолуккан. Башар Асаддын кайын атасы менен кайын энеси дагы Москвада.

2024-жылдын май айында Асма Асадга курч миелоиддик лейкоз деген диагноз коюлган. Буга чейин, 2018-жылдын августунда Сириянын мурдагы биринчи айымына эмчек рагы алгачкы баскычтагы диагнозу коюлуп, Дамасктагы аскердик госпиталда дарыланган. 2019-жылы январь айында ал шишигин алдырган. Ошол эле жылдын август айында биринчи айым жаман оорудан айыкканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан