"Манчестер Сити", "ПСЖ" сыяктуу клубдар өзбек футболчусуна кызыгышты

Дүйнөдө атактуулугу таш жарган "Манчестер Сити", "ПСЖ", "Атлетико Мадрид" футболдук клубдары коңшу өзбекстандык футболчу Абдукодир Хусановго кызыгуусун арттырышууда. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 20 жаштагы коргоочу учурда Франциянын "Ланс" футболдук клубунда ойнойт. Анын оюнун байкаган атактуу клубдар келишим сунуштоого ниеттенишүүдө.

Француздук клуб эгер өзбек футболчусуна кызыккан клубдар 30 миллион евро сунуштаса, Хусановду январь айындагы трансфер терезесинде сатышы мүмкүн.

Transfermarkt порталындагы маалымат боюнча, футболчунун базар баасы 12 миллион еврону түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан