Google картасына тартылып калган сүрөт Испания полициясына Кубанын жаранын өлтүрүүгө шектелген адамды кармоого жардам берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Испаниянын түндүгүндө жайгашкан Тауэко кыштагында Google Maps камерасы кызыл Rover унаасынын багажына чоң ак мүшөктү салып жаткан кишини тартып калган. Бул сүрөт Испанияга келген кубалык кишинин жоголушу боюнча тергөөдө негизги далил болуп калды.
Маркум 2023-жылдын ноябрь айында дайынсыз жоголгон. Ошондон бери полиция аны издеп, эч бир из таппай жаткан.
Маркумдун жакындары полицияга Google картасына тартылып калган сүрөттү берген. Сүрөт жоголгон адам акыркы жолу көрүлгөн жердин жанында тартылган.
Мындан улам полиция унаанын ээсин кармап, киши өлтүрүүнүн бетин ачкан. Ал маркумду жакынкы айылдардын бирине көмгөнүн айткан. Учурда тергөө уланууда.