"Сенден сураган жокмун, президенттен сурап атам". Курултайда делегат убактысын коштуруп алды (видео)

Бүгүн, 21-декабрда Бишкекте өтүп жаткан элдик Курултайда 81 жаштагы делегат Жеңишбек Токтогулов өзүнө берилген үч мүнөттү трибунадан кетпей туруп коштуруп алды.

Ал Курултайда жашы 80ден ашканын айтып, 8 мүнөт берүүнү суранды. Болбой калат деген сөздү укканда "Мен сенден сураган жокмун, президенттен сурап жатам" деди.

Ошондой эле ал сөзү көп экенин айтып, президенттен кабыл алуусун суранды.

"Мени кабыл алчы,элдин көзүнчө башыңды ийкеп койчу" деди.

Президент Садыр Жапаров ага кабыл аларын айтып, башын ийкеди.

Курултайда делегат убактысын коштуруп алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан