Словакиянын премьер-министри Зеленскийди пара берүүгө аракет кылган деп айыптады

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын НАТОго мүчөлүгүн колдоо үчүн ага 500 миллион евро пара сунуштаганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Фицонун айтымында, ал Зеленскийге Словакия газ транзитинен жылына 500 миллион евро жоготот деп айткандан кийин, украин президенти ага 500 миллион евро берерин, бул үчүн Фицо Украинанын НАТОго мүчөлүгүнө "макул" деп добуш бериши керектигин айткан.

"Албетте, мен эч качан мындай болбойт дегем", - деген Фицо.

Фицо Зеленский мындай сунушту жабык эшик артында айтканын кошумчалаган.

Зеленский Фицонун бул айтканын кескин сындаган.

"Акча жөнүндө сөз кылуу уят, анткени биз адамдарды жоготуп жатабыз", - деген Зеленский.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан