Бүгүн, 21-декабрда Казань шаарына Украинанын учкучсуз учуучу апараттары чаббул жасап, бир дрон көп кабаттуу үйдү сүздү. Мындай видео телеграм каналдарга жарыяланды.
Кол салган дрондордун бири Патрис Лумумба көчөсүндөгү 40 кабаттуу турак жайдын ичине учуп кирген. Элиталык турак жай комплексинин тургундары эвакуацияланууда. Имараттын айнек фасады жабыркаган. Жакынкы жолдор жабык. Окуя болгон жерде коопсуздук күчтөрү иштеп жатат.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.