Малайзиянын өкмөтү 2014-жылы 239 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү менен жоголгон Malaysia Airlines учагын издөө иштерин кайра баштоого макул болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, издөө иштерин жүргүзүүнү деңиздин түбүн изилдеген Ocean Infinity компаниясы сунуштаган. Компания алты жыл мурун учакты табууга аракет кылган, бирок эч нерсе таба алган эмес.
Эгер учак табылса, компанияга 70 миллион доллар берилет. Ocean Infinity компаниясына бул үчүн 18 ай убакыт берилет.
Куала-Лумпурдан Пекинге учуп бараткан учак 2014-жылдын 8-мартында радардан жоголуп кеткен. Акыркы жолу учак Малайзиянын борборунан учуп чыккандан 40 мүнөт өткөндөн кийин байланышка чыккан. Учак акыркы жолу Андаман деңизинин үстүнөн учуп бара жатып, түштүккө бурулган бойдон дайынсыз жоголгон.