Эки күнгө созулган III Элдик курултай жыйынтыкталды

Бишкекте өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн эки күнгө созулган III Элдик курултай жыйынтыкталды.

Курултайга президенттен тышкары Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышты.

Эки күнгө созулган курултайда аймактардан келген 150 делегат сөз сүйлөп, сунуш-пикирлерин айтышты. Мындан тышкары, кагаз түрүндө 2 миңден ашык кайрылуулар келип түшкөнү маалым болду.

Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров сөз сүйлөп, делегаттардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнүн ар кандай аспектилерине кеңири токтолуп өттү.

Элдик курултайдын соңунда резолюция кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Элдик курултай институтун түзүү жөнүндөгү беренелер Баш мыйзамга алгачкы жолу 2021-жылы киргизилген. Андан бери эки ирет Элдик курултай уюштурулду. Биринчи жыйында миң катышуучу болгон.

Ал эми “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 700 киши деп белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан