Украинанын Татарстанга жасаган чабуулу: Рустам Минниханов билдирүү жасады

Бүгүн эртең менен Казань ири пилотсуз учактын чабуулуна кабылып, турак жайларга зыян келтирген. Кол салуу эртең менен эрте жасалганын Татарстандын башчысы Рустам Минниханов өзүнүн тelegram каналында билдирди.

"Бүгүн Казань ири учкучсуз учак чабуулуна дуушар болду. Эгерде мурда өнөр-жай ишканаларына чабуул коюлса, азыр душман карапайым калкка чабуул жасоого өттү. Таң атпай турак үйлөргө чабуул болду.

Окуя болгон жерге ыкчам штаб түзүлдү. Жашоочулар эвакуацияланып, убактылуу жайгаштырылып, ысык тамак уюштурулган. Бардык күчтөр толук даярдыкта”, - деп белгиледи ал.

Ал ошондой эле элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

"Мен өкмөткө эвакуациялоочу жайлар тууралуу калкка өз убагында маалымат берүү милдетин тапшырдым", - деп кошумчалады ал өз кайрылуусунда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 21-декабрь күнү таң атпай Казань шаарына сегиз украиналык учкучсуз учуучу учактар ​​кол салган. Алардын ичинен алтоо турак жайларды барып сүзгөн. Дагы бир учкучсуз учак өнөр жай ишканасына багытталган, бирок ал максатына жеткен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан