Эрназар Акматалиев Казакстандагы эл аралык турнирдин финалына чыкты

Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев коңшу Казакстандын Тараз шаарында Динмухаммед Кунаевтын элесине арналган Эл аралык мелдештин финалына чыкты.

Эрназар Акматалиев жарым финалда жергиликтүү Жанкожа Абилтаев аттуу балбанды жеңип, финалга жолдомо алды.

Финалда кыргыз балбаны тажикстандык Мустафо Ахмедов аттуу балбан менен кез келет.

Дал ушул турнирде Эрназар Акматалиев алгачкы атаандашына беттеш бүтөрүнө 45 секунд калганда 8:0 эсебинде утулуп жатып, 9:8 эсебинде жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан