"Адамдар тирүү". Орусияда үч күн мурда жоголгон учак табылды

Орусиянын Камчатка аймагында 19-декабрда жоголгон Ан-2 учагы табылды. Бул тууралуу Камчатка аймагынын өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Лебедев "Вконтакте" социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

"Учак табылды, адамар тирүү. Мен азырынча так эч нерсе айта албайм, эвакуация иштери башталды", - деп жазды ал.

Эскерте кетсек, "Милково - Оссора" багыты боюнча учкан Ан-2 учагы 19-декабрда түштөн кийин байланышын токтоткон. Учактын бортунда үч адам бар деп божолдонууда. Учак жүк ташып бараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан