"Барселона" менен "Атлетико Мадриддин" беттешинде 96-мүнөттө киргизилген гол жеңүүчүнү аныктады (видео)

Бүгүн, 22-дкабрга караган түнү футбол боюнча Испания чемпионатынын 18-турдук оюндары өтүп, анда каталондук "Барселона" клубу өз үйүндө Мадрид шаарынан келген "Атлетико Мадрид" клубун кабыл алды.

Беттеш 2:1 эсебинде "Атлетико" командасынын сенсациялуу жеңиши менен аяктады. "Барселонанын" карамагындагы жалгыз голду 30-мүнөттө Педри жаратса, "Атлетико Мадридден" Родриго де Пауль (60-мүнөттө) менен Александр Сёрлот (90+6-мүнөттө) гол киргизди.

Белгилей кетсек, бул оюнда "Барселона" фаворит катары саналган.

Мунун менен "Атлетико" 41 упай топтоп, Ла Лиганын турнирдик таблицасында биринчи орунду ээледи. "Барселона" 38 упай менен экинчи орунга түштү. Учурда "Реал Мадрид" үчүнчү орунда турат - аларда 37 упай бар. Бирок "Реалдын" запаста дагы эки оюну бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан