Телеграм каналдарда Орусиянын Камчатка аймагында жоголгондон үч күндөн кийин табылган Ан-2 учагынын алгачкы сүрөтү жарыяланды.
Сүрөттөргө караганда, учак суук аймакка кулап түшкөн. Учактын учкучу да, жүргүнчүсү да тирүү экени айтылат.
Эскерте кетсек, "Милково - Оссора" багыты боюнча учкан Ан-2 учагы 19-декабрда түштөн кийин байланышын токтоткон. Учактын бортунда үч адам бар болгон. Учак жүк ташып бараткан.