Бүгүн, 23-декабрда өлкө аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө күндүз -2 ... +3,
Талас облусунда күндүз 1 ... +3,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында күндүз +3 ... +5,
Ысык-Көл жергесинде күндүз +1 ... +3,
Нарында күндүз -5 ... -7.
Бишкек шаарында күндүз +1 ... +3 градус болот.